Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Карегимде мекен чеги”

“Мекенди коргоочулардын” күнүнө карата “Карегимде мекен чеги” аттуу иш чара болуп өттү. Бул иш чарага конок катары Лейлек районуна караштуу “Ооган согушунун ардагерлер” коомунун төрагасы Б.К.Масалиев, ооган согушунун ардагерлери Абдиназаров И.,Умаров А.,Толукбаев Ж., Рустамов Х.,Нишанов А. ошондой эле, Исфана шаарындагы 2021-аскердик бөлүгүнүн “Бөрү” атайын даярдалган отрядынын 3 өкүлү келип катышты. Аларды майрамы менен куттуктап, Т.Жапаров атындагы орто мектебинин чыгармачыл окуучулары концерттик программа тартуулашты. Окуучулардын жандуу үн менен аткарган патриоттук ырлары жүрөктөрдөн түнөк тапса, сахналык көрүнүш көзгө жаш алдырды.

Келген коноктор окуучуларды Мекенди коргоого, эли жерин сүйүүгө чакырып өтүштү.      

Андан сырткары Абдиназаров И.К. агабыздын демөөрчүлүгү менен “Таншы комуз” кароо сынагы ушул иш-чаранын алкагында өткөрүлүп, катышуучулар акчалай белек менен сыйланышты.

Дүйнөдө эч качан согуш болбосун, энелердин көз жашы төгүлбөсүн  деген каалоо тилек менен иш-чара жыйынтыкталды.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева