Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук кайра шайлоо болуп жаӊы төрайым шайланды

2020-жылдын 25-февралында Аксы районундагы №18 Арча-Бешик атындагы мектепке чейинки балдар бакчасында отчеттук кайра шайлоо болуп өттү. Отчеттук кайра шайлоодо бир жылдык  жасаган иштерин №18 Арча-Бешик атындагы  профсоюз уюмунун  төрайымы Тилешова Жамийла  өз сөзүндө профсоюз мүчөлөрүнө берилген жардамдарды, коопсуздук эрежелерине сакталышына тийгизген таасирине, бала бакчада иштеген жумушчулардын жумушта жакшы шаарт түзүлгөндүгүнө  жана аларга от жаккычтарга  күн сайын 200 грамм сүт берилип турарына, жайкы эс алуу жогорку денгээлде уюштурулганын жана ошондой эле 2 жылдан бери райондук профсоюз уюштурган мелдеште 1-оорунду алып келип жатканын демөөрчүлөр менен профсоюздан  берилген акча каражаттын сарамжалдуу колдонгондугун өз доклатында кенен белгилеп кетти. Чогулуштун жүрүшүндө жакшы деген баага колго салынып бир добуштан колдого алынды. Андан кийин текшерүү комиссиясынын төрайымы Жуманазарова Манзура алгылууктуу иш жүрүп жаткандыгын белгилеп өз баяндамасында бардык суроолорго жооп берип канаттандырарлык деген баага татыды. Билим берүү, илим кызматкерлеринин Аксы райондук комитетинин төрагасы Камчыбеков Сагын сөз сүйлөп  аткарылган иштерге токтолуп профсоюздун иштерине кемчилик менен жетишкендиктерди айтып кошумча кенен түшүндүрмө  берип, суроо жоопторго жооп берип кетти. Тилешова Жамийланын ушул бала бакчага директор болуп кеткендигин эске салып комитет мүчөлүгүнөн чыгарып башка профсоюз башчысын шайлоого кимден кандай сунуш пикирин сурады, коллектив бир добуштан Шадыбекова Буйзакраны көрсөтүшүп жаӊы төрайымды шайлап алышты. Жаӊы төрайымга жаны күч кубат каалашып бала бакчанын өнүп  өсүүсүнө салымын кошоруна ишенишип жакшы тилек менен калоолор айтылды.

 

Даярдаган;                                                     

Султамуратов Таалай Акматбекович