Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

1992-жылы 3-мартта – Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл  Туусунун күнү.  Бул 1991-жылы 31-августта  Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхый учурда болгон.  Эгемен  мамлекеттин  өз алдынчалыгын далилдеген  негизги белгилер болуп саналат. Бүгүн 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу күнүнө карата Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айыл аймагындагы «А.Жомий» атындагы орто мектебинде,   Мин-Чынар айыл аймагындагы «Мин-Чынар» башталгыч мектебинде, Советское айыл аймагындагы №21 «Кан» орто мектептеринде жана Чон-Кара айыл аймагына караштуу «Чон-Кара» орто мектептеринде  иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чара жетекчилердин, мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда өттү. Иш-чара окуучуларды мекенчилдикке (патриоттуулукка) тарбиялоо, жаштарга Кыргыз Республикасынын атрибуттарын таанытуу ошондой эле даңазалоо, Кыргыз Республикасынын желегине коомчулуктун көңүлүн буруу жана ага урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында өткөрүлдү.Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, Кыргыз Республикасынын  желеги көтөрүлдү. Андан соң Кыргыз Республикасынын желеги жөнүндө кыскача тарыхый-философиялык баяндама жасалып,  куттуктоолор айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа да болуп, сонунда Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун төрагасы А.Момошов, тарабынан иш чара жогорку деӊгээлде өткөнүн айтып белектери менен сыйлады.

Уч-Коргон айыл аймагындагы «А.Жомий» атындагы орто мектеби

Мин-Чынар айыл аймагындагы «Мин-Чынар» башталгыч мектеби

Советское айыл аймагындагы «№21 Кан» орто мектеби

Чон-Кара айыл аймагына караштуу «Чон-Кара» орто мектеби

 

Матерялды даярдаган уюштуруучу адис:

  Кошатова Айзирек Сүйүновна