Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Манасым-менин мурасым

2020-жылдын 20-февралында Т.Жапаров атындагы орто мектебинде райондук денгээлде “Манасым-менин мурасым” деген темада Манас таануу интеллектуалдык таймашы окуучулар арасында болуп өттү.

Таймашка Лейлек райондук боюнча 37 тайпа, Сүлүктү шаарынан 4 тайпа келип катышты.

Иш чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын соц.адиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн кыиаткерлери катышып,  таймаштын калыстар тобун атайын  Бишкек шаарынан келген  “Көйкашка” коомдук фондунун мүчөлөрү түзүштү.

Таймаштын жыйынтыгында командалар  төмөнкүдөй орунга ээ болду.

  1. 1-орун Б.Набиев атындагы орто мектеби
  2. 2-орун О.Сапаров атындагы орто мектеби
  3. 3-орун “Достук”орто мектеби

Ошондой эле,  Токтогул ,  Ю.А Гагарин атындагы орто мектептери улуттук мектептер арасында областтык турга жолдомо алышты.

Женген тайпалар баалуу сыймыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева