Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим беүүрүчү орто мектебининде Мекенди коргоо күнүнө каратта иш-чаралар өткөрүлдү

№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим беүүрүчү орто мектебининде Мекенди коргоо күнүнө каратта иш-чаралар өткөрүлүп 5а-5б-6-7а-7б- класстар аралык таймаш уюштурулду.Тамаштын максаты окуучуларды патриоттуулукка,эли-жерин суйүүгө,убадага бек туруугу,намыстуу болууга тарбиялоо. Бул таймашта 5а- класс 1-орун, 5б- класс 2-орун, 6-класс 3-орунду ээлешти . Таймаштын жүрүшүндө мектеп директору жана калыстар тобу катышып баалашты.

1-орунга татыктууларды грамота ал эми,2-3-орунга сыйлыктар тапшырылды. 5а- класстын класс жетекчиси Молдалиева Г.Ж ,5б- класстын класс жетекчиси Султаналы кызы Э.6-класстын класс жетекчиси Арстанкулова А. эжекелерибизге калыстар тобунан ыраазычылыктар айтылды.

Окуучулардын таймашы мекен жөнүндө ыр жана аскердик марш, бийлер менен коштолду.

\

 

Материалды даярдаган мектептин баштапкы просоюз уюмунун төрайымы:

    Молдалиева Г.Ж.