Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Элимдин эртени-эне тилинде»

21- февраль Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган, дал ошол 21-февраль–Дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган иш чара Кадамжай районунун Майдан   айыл  аймагындагы Исфайрам орто мектебининде да болуп өттү. Аталган иш чарага Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сарымсаков, мектептин мугалимдеринин катышуусунда өттү.

Иш чараны  Мамытова Айгүл «Элимдин эртени-эне тилинде »- деген темада 3-а классынын окуучулары менен биргеликте өткөрдү. иш чаранын башынды окуучуларды эки тайпага бөлүп биринчи тайпа боз үй экинчи тайпа калпак деп аталды. Иш чаранын жүрүшүндө эки тайпа бири-бири менен макал айтышып жарышышты андан соӊ мугалим чыгып окуучуларга  ата-бабаларыбыздан калган каада-салттарды, үрп адаттарды, ырым-жырымдарды, көргөзмо куралдарды жана балдар бала чагынан эле ата-энесинин жардамчысы жана жөлөк-таягы болуп, күнүмдүк оокатка кол кабыш кылып келгенин айтып өттү. Иш чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдү  эне тилин, кыргыз тилин сүйүүгө чакыруу. Иш чаранын жүрүшүндө  жаш  өспүрүмдөр ырдашып, бийлешип келген конокторго  жагымдуу  маанай  тартуулашты. Акырында мугалим менен окуучулар эне тил жөнүндө торт сап хор ыр айтышып жыйынтыкташты.

Кылымдардан жашап келген кылымга,

Айтып  болгус сырлары бар мунун да.

Эне тилим сыймыгымсың, даңктаган,

Бардык тилден ыйык көрөм чынында.

Иш чаранын соӊунда райкомпрофсоюз тарабынан иш чара жогорку деӊгээлде өткөнүн айтып белектер берилди.

 

Билим жана   илим  кызматкерлеринин  Кадамжай 

райондук  комитеинин  уюштуруучу  адиси: 

Кошатова Айзирек Сүйүновна