Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Менда өсүп толоормун, мекен сакчы боломун»

21-февраль күнү 23-февралга карата Кадамжай  районунун  А.Масалиев айыл аймагына караштуу “Балажан-Олагыш ” балдар  бакчасында Исмаилова Айчүрөк  «Ак шоола» орто тайпасынын балдары  менен биргеликте  «Менда өсүп толоормун  мекен сакчы боломун»- деген  темада иш  чара  өткөрдү. Иш чарага Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сарымсаков, Рай БББ жетектөөчү адиси Г.Кадырова, С.Айдарова жана тарбиячылардын, ата-энелердин, жаш балдардын катышуусунда өттү. Иш чара жеткинчек жаш балдарды мекенди сүйүүгө, мекенди коргоого үйрөтүү максатында өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө концерттик программа да болуп, Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун төрагасы А.Момошов, тарабынан иш чара жогорку деӊгээлде өткөнүн айтып белектери менен сыйлады.

 

Билим жана   илим  кызматкерлеринин  Кадамжай 

райондук  комитеинин  уюштуруучу  адиси: 

Кошатова Айзирек Сүйүновна