Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал –Абад областындагы Көк-Жаңгак шаарында “23-февраль Ата Мекенди коргоо” күнүнө карата жана 22-февраль “Ак кар” майрамында өткөрүлгөн иш- чаралар боюнча кыскача

Маалымат

“Ден соолуктун азыгы-спорт менен машыгуу”- деген темада 21-февраль  күнү шаардагы №1   М. В. Фрунзе, №2 А. С. Макаренко №3 Т. Сатылганов, №4 Ю. А. Гагарин, №6 М. В. Ломоносов атындагы мектептер  арасында 9-10-11-класстарынын окуучулары арасында  “Илбирс” атындагы №52870 аскердик бөлүгунө барышып, ал жерден аскердик жашоо менен таанышып, ичиндеги даярдыктар боюнча көрүшүп,  андан соң  спорттук мелдеш  болуп өттү. Анда  мектептер арасында аркан тартыш, автоматты ыкчам чачуу жана жыйноо, жарадар жаранга жардам көрсөтүү жана эстафеталык оюндардын түрлөрү болуп өттү. Окуучулар жогорудагы оюндарга активдүү катышышып, өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында шаардагы мектептер арасынан   1-орунга №2 А. С. Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучуларынан тузүлгөн “Жалын” командасы ээ болуп кубок жана грамоталар менен сыйланышты. Ал эми   2-орунга №6 Ломоносов атындагы орто мектеп, 3-орунга №4 Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин окуучулары ээ болушуп, грамоталар менен сыйланышты. 

Натыйжада окуучулар аскерге чейинки даярдык сабагынын практикалык иштерин көрсөтө алышты. Ата Мекенди коргоого жана патриоттуулукка тарбияланышты.

2020-жыл “Региондорду өнүктүрүу, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына ” карата шаарыбыздагы элдердин ынтымагын, окуучулардын биримдигин чыңдоо максатында шаардык мэрия тарабынан “Ак кар” майрамы уюштурулуп, элдерге жагымдуу маанай тартуулашты. Келечек балдардын колунда демекчи, балдардын ойлоосун, фантазиясын кардан жасалган түрдүү курулуштарды жасоо аркылуу кар шаарчасы менен туюндурушту. Ошондой эле кардан кар киши жасоо тапшырмасы да коюлду. Анда ар мектептин окуучулары өздөрүнүн фантазиялары менен кооз шаарларды, коргондорду жана кар кишилерди кардан жасап  көрсөтүштү. Өзгөчө №6 М. В. Ломоносов атындагы мектебинин окуучуларынын жасаган шаарчасы, №2 А. С. Макаренко атындагы ИМГ КРнын картасынын элесин берип жасаган шаарчасы байгелүү орундарга ээ болушту. Андан соң ар түрдүү оюн зооктор уюштурулуп кызыктыруучу белектер берилди.

Иш чаранын жыйынтыгында  Көк-Жаңгак шаарынын эли ынтымактыкта уюшулуп, түрдүү оюндарга кызыгуу менен катышышып, биримдикте болушуп, келечек муундарга үлгү боло алышты.

 

Материалды даярдаган:

Кок-Жангак ШаарКом