Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында жалпы жазгы ишембилик өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында жалпы жазгы ишембилик өткөрүлдү

13-14-мартта Таш-Көмүр шаарында айлана-чөйрөгө жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бул ишембиликте шаардын тургундары менен биргеликте мектептин мугалимдери,мекеме ишканалардын жумушчулары активдүү катышышты. Ишембиликке жалпы 2250 адам катышып, 49 тонна таштандылар чыгарылды. Мектептин мугалимдери жана кенже кызматкерлери көчө бойлой шаардын санитардык абалын жакшыртуу жана коомчулукка үлгү көрсөтүү менен тазалоо иштерин аткарышты.

 16.03.2020      540       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Омонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысынын жугуштуу ооруулар жөнүндөгү сабактары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Омонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысынын жугуштуу ооруулар жөнүндөгү сабактары өткөрүлдү

2020-жылдын 13-мартында Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан жана профсоюз уюмунун башчысы Жамила Бакирова позитивдүү тарбия иш-чарасынын алкагында “Микробдор каяктан келел”темасында ачык тарбиялык сааттарды өткөрүп,окуучуларга жугуштуу ооруулар жөнүндө кеңири маалымат берүү менен өздүк гигиенасын кантип сактоонун жолдорун үрөттү.Ошондой эле бул иш-чарага жалпы мугалимдер жамааты катышып,эжекенин алгылыктуу иштерине мектеп жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдиришти.

 16.03.2020      651       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы №1-14 мектептерде “Эмне үчүн китеп окушубуз керек ”деген темада масштабдуу тренинг старт алды.Профсоюз уюмунун Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жана “Кыргыз Жаш-Күч”коомдук бирикмесинин тренери Чыңгыз Урматаалиевдин демилгеси менен мектеп окуучуларына,алардын ата-энелерине,шаардык китепканаларга,алардын жумушчуларына жана каалоочуларга тренингдер өткөрүлүп,коомдо жакшы колдоого ээ болуп жатат.Ошондой эле ушул эле тренинг мектеп директорлоруна жана тарбия иштер боюнча директордун жардамчыларына дагы уюштурулду.

 16.03.2020      455       Кесиптик бирлик региондордо

«БИЗ КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА УКУК БУЗУУЧУЛУККА КАРШЫБЫЗ!!!»

«БИЗ КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА УКУК БУЗУУЧУЛУККА КАРШЫБЫЗ!!!»

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Эшме айылындагы «Эшме» орто мектебинде «Биз кылмыштуулукка жана укук бузуучулукка каршыбыз!!!» - деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга жетекчилер, мугалимдер, айыл өкмөттөн аксакалдар, айылдык сотунан жана айылдык депутаттардын өкүлдөрү келип 8-9-10-11- класстардын окуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Семинардын максаты - өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана талап-тоноо, араздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кесепеттери менен күрөшүү.

 13.03.2020      1362       Кесиптик бирлик региондордо

“Жоокер ыры”

“Жоокер ыры”

2020-жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Т.Жапаров атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Аскердик атуулдук ырлардын республикалык кароо-сынагы өткөрүү” жөнүндөгү буйругуна ылайык “Жокер ыры” аттуу кароо-сынактын райондук туру өткөрүлдү. Иш чарага №1 гимназия, В.И.Ленин, А.Навои, Б.Набиев, Х.Боронбаев атындагы, “Ак-Суу”, “Ак-Терек”, “Тайлан”, “Кара-Булак”, “Катраң” орто мектептеринин окуучулары катышып, кароо-сынак 3 номинация согуш темасындагы ырлар, патриоттук ырлар, көркөм окуу боюнча өткөрүлүп, калыстар тобунун курамын райондук аскер комиссариатынын кызматкери, балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси жана райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары түзүштү.

 13.03.2020      653       Кесиптик бирлик региондордо

Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттук иш чара өткөрүлдү

Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттук  иш чара өткөрүлдү

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде мугалимдер арасында “Унутта калган кыргыз оюндары” деген темада эжекелер арасында көңүлдүү старт 7-март күнү мектептин спорт залында өткөрүлдү. Спорттук иш чарага жалпы 6 команда катышып, жеңүүчү командаларга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан “Ардак грамота” жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Майрамга карата спорттук иш чараны уюштуруп бергендиги үчүн мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.

 11.03.2020      450       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз комитетинин кезектеги отуруму өткөрүлдү

Профсоюз комитетинин кезектеги отуруму өткөрүлдү

"Аймактарды өнүктүрүү жана балдарды колдоо" жылына карата 2020-жылда аткарыла турган иштер боюнча профсоюз комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков билдирүү жасады. 2019-жылы иш планда көрсөтүлгөн иштер толугу менен аткарылды. Жылдын жыйынтыгы чыгарылып, профсоюз комитети отчеттук чогулушун өткөрдү. Ал эми жаңы 2020-жылга карата иш пландар түзүлүп, аткарылуучу иштер белгиленди. "Мыкты профсоюз комитети" конкурсун уюштуруу, жайкы эс алууларды белгилөө, келип түшкөн арыздарга жооп берүү, материалдык жардамга муктаж мүчөлөргө жардам көрсөтүү жагы белгиленди. Профсоюз комитети кесип бирлик мүчөлөрүн коргоочулар эмеспи.Материалдык жардам керектүү мүчөлөргө, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү керек. Сметалар, токтомдор өз убагында тапшырылып, сметанын негизинде бөлүнгөн профвызностор өз убагында берилди. Мыкты иштеген профсоюз комитети жайкы кыска мөөнөттүү эс алууга жолдомолорго ээ болушат. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн көп жылдан бери иштеп жатканын, ийгиликке жетишкендер, юбилярлар белгиленип, аз да болсо кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланып турушат.

 11.03.2020      464       Кесиптик бирлик региондордо

Ак калпак күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

Ак калпак күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

Жыл сайын 5-март күнү улуттук баш кийимди даңазалоо иш-чаралары жаштар тарабынан активдүү өткөрүлүп келатат. Быйылда Кадамжай районунда 5-март Ак-калпак күнүнө карата Чон-Кара айыл аймагына караштуу «Чон-Кара» орто мектебинде, Халмион айыл аймагына караштуу «Достук» орто мектебинде, Абсамат айыл аймагына караштуу «Б.Примов» орто мектебинде, Уч-Коргон айыл аймагындагы «А.Жомий» атындагы орто мектебинде, Уч-Коргон айыл аймагындагы “Айни” орто мектебинде, Кок-Талаа айыл аймагына караштуу “К.Саттаров” атындагы орто мектебинде жана Советское айыл аймагындагы «№21 Кан» орто мектептеринде окуучулардын катышуусунда иш чара өткөрүлдү. Аталган иш чарага профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда өттү. Иш чара жөө жүрүш менен башталып, андан соң 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жаткан бул майрам, 5-март-Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланганын анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келетканын окуучулардын эсине салып өттү. Ушул күнү ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чараларга катышат.

 11.03.2020      1328       Кесиптик бирлик региондордо

Асыл зат айымдар майрамы!

Асыл зат айымдар майрамы!

“8-март- Аялдардын Эл аралык тилектештик күнү”- майрамына карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бардык факультеттеринде, колледждеринде жана бөлүмдөрүндө иш чаралар уюштурулуп, кызыктуу программадагы концерттер тартууланып, белектер менен гүл дестелер тапшыруу салтка айланган. ЖАМУнун профсоюздук комитети да, жыл сайын, асылзат айымдардын майрамын куттуктап, гүлдестелер менен жана окуу жайыбыздын бардык окуу имараттарын куттуктоо жарнактары менен камсыз кылууну каржылап, майрамдык шаңга колдоо көрсөтүп келүүдө. 4-марттан баштап күн сайын эрте менен биринчи сабакка келген окутуучу-айымдарды гул менен тосуу улантылып жатат 5-март күнү Экономика-юридикалык факультетинин майрамдык иш чарасы өткөлүлдү. Ал эми ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин жамаатынын иш чарасы “Санжыра” этно-эс алуу борборунда улантылып, айымдарга көңүлдүү эс алуу тартууланды. Иш чаралар бүгүн да улантылууда... Урматтуу Айымдар! Майрамыңыздар менен!!! Ар дайым эрте таңдай аруулугунуздардан жазбай, жазгы күндөй жадырап, толгон айдай толукшуп жүрө бериңиздер!...

 09.03.2020      663       Кесиптик бирлик региондордо

Туубуз бар мамлекетибиз бар, калпагыбыз бар элибиз бар!

Туубуз бар мамлекетибиз бар, калпагыбыз бар элибиз бар!

Бүгүн Жалал Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп лицейинде 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү жана 5-март  "Ак калпак" күнүнө арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Анда мектеп директору К.Мамытова жана  баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Г.Алимбековалар катышты. Салтанаттуу линейкада мектеп окуучулары тарабынан даярдалган ыр, бийлер тартууланды.

 09.03.2020      501       Кесиптик бирлик региондордо

ТААМАЙ СУРООГО ТААМАЙ ЖООПТОР...

ТААМАЙ СУРООГО ТААМАЙ ЖООПТОР...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде “Студенттин сынагына сынбайсынбы” аттуу шоу программадагы кече болуп өттү. Аталган программа салттуу түрдө үзгүлтүксүз өтүп келүүдө жана бул жолку сынактын коногу ОГПИнин илимий иштер боюнча проректору Обдунов Элмурат Абдувапочич болду. Студенттердин бир топ таасындуу жана аларды кызыктырган суроолоруна кеченин коногу бирде сынса, бирде сынбай өзгөчө шаңдуу аура куруу менен катышуучуларга ачык-айкын жооп берип, кенен жана эркин маек курду.

 09.03.2020      506       Кесиптик бирлик региондордо