Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы №1-14 мектептерде “Эмне үчүн китеп окушубуз керек ”деген темада масштабдуу тренинг старт алды.Профсоюз уюмунун Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жана “Кыргыз Жаш-Күч”коомдук бирикмесинин тренери Чыңгыз Урматаалиевдин демилгеси менен мектеп окуучуларына,алардын ата-энелерине,шаардык китепканаларга,алардын жумушчуларына жана каалоочуларга тренингдер өткөрүлүп,коомдо жакшы колдоого ээ болуп жатат.Ошондой эле ушул эле тренинг мектеп директорлоруна жана тарбия иштер боюнча директордун жардамчыларына дагы уюштурулду.

Окуучулар менен тренинг   №14-инновациялык гимназия

№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Ата-энелер менен тренинг

Мектеп директорлору менен тренинг

Тарбия иштери боюнча диреторлордун орун басарлары менен тренинг

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева