Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз комитетинин кезектеги отуруму өткөрүлдү

"Аймактарды өнүктүрүү жана балдарды колдоо" жылына карата 2020-жылда аткарыла турган иштер боюнча профсоюз комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков билдирүү жасады.

2019-жылы иш планда көрсөтүлгөн иштер толугу менен аткарылды. Жылдын жыйынтыгы чыгарылып, профсоюз комитети отчеттук чогулушун өткөрдү. Ал эми жаңы 2020-жылга карата иш пландар түзүлүп, аткарылуучу иштер белгиленди. "Мыкты профсоюз комитети" конкурсун уюштуруу, жайкы эс алууларды белгилөө, келип түшкөн арыздарга жооп берүү, материалдык жардамга муктаж мүчөлөргө жардам көрсөтүү жагы белгиленди.

Профсоюз комитети кесип бирлик мүчөлөрүн коргоочулар эмеспи. Материалдык жардам керектүү мүчөлөргө, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү керек. Сметалар, токтомдор өз убагында тапшырылып, сметанын негизинде бөлүнгөн профвызностор өз убагында берилди.

Мыкты иштеген профсоюз комитети жайкы кыска мөөнөттүү эс алууга жолдомолорго ээ болушат. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн көп жылдан бери иштеп жатканын, ийгиликке жетишкендер, юбилярлар белгиленип, аз да болсо кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланып турушат.

 

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева