Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жоокер ыры”

2020-жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Т.Жапаров атындагы  орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата  “Аскердик атуулдук ырлардын республикалык кароо-сынагы өткөрүү” жөнүндөгү буйругуна ылайык “Жокер ыры” аттуу кароо-сынактын райондук туру өткөрүлдү.

Иш чарага №1 гимназия, В.И.Ленин, А.Навои, Б.Набиев, Х.Боронбаев атындагы, “Ак-Суу”, “Ак-Терек”, “Тайлан”, “Кара-Булак”, “Катраң” орто мектептеринин окуучулары катышып, кароо-сынак 3 номинация согуш темасындагы ырлар, патриоттук ырлар, көркөм окуу боюнча өткөрүлүп, калыстар тобунун курамын райондук аскер комиссариатынын кызматкери, балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси жана райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары түзүштү.

Жыйынтыгында, №1 гимназисынын окуучусу Аманбек кызы Гүлкан согуш темасындагы ырлар номинациясында, Б.Нурланбек уулу көркөм окуу номинациясында, А.Навои атындагы орто мектебинин окуучусу Г.Манапова патриоттук ырлар номинациясында жеңүүчү аталышып областтык турга жолдомо алышты.  

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева