Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«БИЗ КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА УКУК БУЗУУЧУЛУККА КАРШЫБЫЗ!!!»

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Эшме айылындагы «Эшме» орто мектебинде «Биз кылмыштуулукка жана укук бузуучулукка каршыбыз!!!» - деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга жетекчилер, мугалимдер, айыл өкмөттөн аксакалдар, айылдык сотунан жана  айылдык депутаттардын өкүлдөрү келип 8-9-10-11- класстардын окуучулары менен жолугушуу болуп өттү.

Семинардын максаты - өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана талап-тоноо, араздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кесепеттери менен күрөшүү. 

 Жолугушууда жашы жете элек балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аны болдурбоо, ага каршы күрөшүү бул бир гана мектеп, билим берүү бөлүмүнүн, же укук коргоо органдарынын гана милдети эмес. Бул баарыбыздын милдетибиз. Жаш өспүрүмдөрдүн тарбиясына өзгөчө маани берип, анын келечекте кылмыш жолуна түшпөй, бекем ден соолукта өсүп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүүбүз зарыл. Балдар биздин келечегибиз, алардын тарбиясына, келечегине баарыбыз жоопкербиз деген сөздөр айтылды. Семинардын аягында мектептин профкому Сражидин кызы Гүлдастага райкомпрофсоюз тарабынан окуучуларга керектелүүчү окуу куралдар, белектер тапшырылды жана келген коноктор семинарга мыкты баа беришти.

 

Билим жана   илим  кызматкерлеринин  Кадамжай 

райондук  комитеинин  уюштуруучу  адиси: 

Кошатова Айзирек Сүйүновна