Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак калпак күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

Жыл сайын 5-март күнү улуттук баш кийимди даңазалоо иш-чаралары жаштар тарабынан активдүү өткөрүлүп келатат. Быйылда Кадамжай районунда 5-март Ак-калпак күнүнө карата Чон-Кара айыл аймагына караштуу «Чон-Кара» орто мектебинде, Халмион айыл аймагына караштуу «Достук» орто мектебинде, Абсамат айыл аймагына караштуу «Б.Примов» орто мектебинде, Уч-Коргон айыл аймагындагы «А.Жомий» атындагы орто мектебинде, Уч-Коргон  айыл   аймагындагы  “Айни”  орто   мектебинде, Кок-Талаа айыл аймагына караштуу “К.Саттаров” атындагы орто мектебинде жана Советское айыл аймагындагы «№21 Кан» орто мектептеринде  окуучулардын катышуусунда иш чара өткөрүлдү. Аталган иш чарага профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда өттү.  Иш чара  жөө жүрүш менен башталып, андан соң 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жаткан бул майрам, 5-март-Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланганын анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келетканын окуучулардын эсине салып өттү. Ушул күнү ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чараларга катышат. 

Иш чаранын максаты: Ата–бабаларыбыздан бери улуу мурас катары келе жаткан ак калпак анын тарыхы кыргыз калпагынын символикасы калпак тууралуу уламыштар жана макал–лакаптар тууралуу маалыматтарга ээ болуш, калпактын ыйыктыгын сезишет аны кастарлоого  үйрөнүшөт, окуучулардын патриоттук сезимдери ойгонуп мекенчилдикке атуулдукка тарбияланышат

Иш чаранын жүрүшүндө окуучулар атайын даярдалган кыскача концерттик программа тартуулашты. Калпактын тарыхы жөнүндө маалымат беришти, ырларды окушту. Ошондой эле улуттук бийлер бийленип, патриоттук ырлар аткарылды. Иш чаранын жыйынтыгында куттуктоо сөздөр сүйлөнүп, профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов тарбынан белектер ыйгарылды.

Чоӊ-Кара айыл аймагына караштуу «Чон-Кара» орто мектеби

       Халмион айыл аймагына караштуу «Достук» орто мектеби

Абсамат айыл аймагына караштуу «Б.Примов» орто мектеби

Уч-Коргон айыл аймагындагы «А.Жомий» атындагы орто мектеби

Уч-Коргон  айыл   аймагындагы  “Айни”  орто   мектеби

Кок-Талаа айыл аймагына караштуу “К.Саттаров” мектеби

 

Советское айыл аймагындагы «№21 Кан» орто мектеби

 

Материалды даярдаган:

Абдыалим Момошев