Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ТААМАЙ СУРООГО ТААМАЙ ЖООПТОР...

ОГПИнин  илимий иштер боюнча проректору студенттердин сынагында...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде “Студенттин сынагына сынбайсынбы”  аттуу шоу программадагы  кече  болуп өттү. Аталган программа салттуу түрдө үзгүлтүксүз өтүп келүүдө жана бул  жолку сынактын коногу ОГПИнин илимий иштер боюнча проректору Обдунов Элмурат Абдувапочич болду.

Студенттердин бир топ таасындуу жана аларды кызыктырган  суроолоруна кеченин коногу бирде сынса, бирде сынбай өзгөчө шаңдуу аура куруу менен  катышуучуларга ачык-айкын жооп берип, кенен жана эркин маек курду.

Каармандын үй бүлөдө, иш үстүндө жана жалпы коомчулуктун алдында кандай инсан экени бул иш чара менен ачык көрсөтүлгөндөй. Балалык кез, жаштык кез жана жашоодогу өкүнүчтүү ары сүйүнүчтүү учурларды эске салып, талапка жараша ырлардан көркөм окуп айтып берди. Студенттер агайды ар тараптан сынап,  бир кубанычка бир кайгыга салып, көзүнө жаш алдырганча таасирдүү суроолорду узатышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында проректор мыкты суроо берип, айрым учурда сынагына сындырган жана бүгүнкү кечеге активдүү катышкан  студенттерге өз белегин тапшырып, окууларына ийгилик каалап өттү.

Белгилей кетсек аталган иш чара  Колледждин “Башталгыч класстардын педагогикасы жана мамлекеттик тил” кафедрасы тарабынан 8-март  Аялдардын эл аралык күнүн утурлай уюштурулду.  

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу