Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Асыл зат айымдар майрамы!

“8-март- Аялдардын Эл аралык тилектештик күнү”- майрамына карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бардык факультеттеринде, колледждеринде жана бөлүмдөрүндө  иш чаралар уюштурулуп, кызыктуу программадагы концерттер тартууланып, белектер менен гүл дестелер тапшыруу салтка айланган. ЖАМУнун профсоюздук комитети да, жыл сайын, асылзат айымдардын майрамын куттуктап, гүлдестелер менен жана окуу жайыбыздын бардык окуу  имараттарын куттуктоо жарнактары менен камсыз кылууну каржылап, майрамдык шаңга колдоо көрсөтүп келүүдө.

4-марттан баштап күн сайын эрте менен биринчи  сабакка келген окутуучу-айымдарды гул менен тосуу улантылып жатат 5-март күнү Экономика-юридикалык факультетинин  майрамдык иш чарасы өткөлүлдү. Ал эми  ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин жамаатынын иш чарасы “Санжыра” этно-эс алуу борборунда улантылып, айымдарга  көңүлдүү эс алуу тартууланды.  Иш чаралар бүгүн да улантылууда...

Урматтуу Айымдар! Майрамыңыздар менен!!! Ар дайым эрте таңдай аруулугунуздардан жазбай,  жазгы күндөй жадырап, толгон айдай толукшуп жүрө бериңиздер!...

Даярдаган:

Н.Баитова

07.03.2020-ж.