Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында профсоюз лидерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 517 токтому менен бекитилген нускама боюнча окутулду

2020-жылдын  11-февралында  Баткен шаарындагы  В.И.Ленин  атындагы  орто  мектебинин  базасында   мектеп  жана  балдар бакчаларынын  директорлору,баштапкы  профсоюз уюмдарынын  төрайымдары,  окуу бөлүмүнүн башчылары, иш кагаз жүргүзүүчүлөр жалпысынан  42  кишиге  билим берүү  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Баткен  шаардык  комитетинин  демилгеси  менен  окутуу  семинары  өткөрүлдү.

Семинарды уюштуруунун  максаты: проф.лидерлердин иш кагаздарды туура жүргүзүү үчүн сабаттуулугун жогорулатуу, Бузуулар  Кодексине түш болбоо жана проф.лидерлердин активдүүлүгүн жогорулатуу. 

Семинарга  Баткен областтык мамлекеттик архив бөлүмүнүн  кызматкерлери Камчыбекова  Алтынай жана  Камчыбекова  Бермет эксперт катары чакырылды. Семинардын катышуучулары  Кыргыз Республикасынын     Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы   № 517  токтому  менен  бекитилген  “Иш кагаздарды  жүргүзүү боюнча  типтүү нускама”  боюнча  билим алышты. Семинар  3  багытта өттү, 1.Иш кагаздарды  туура  түзүү жана жүргүзүү. 2.Билим берүү мекемелериндеги номенклатуранын  маанилүүлүгү. 3.Мөөнөтү жеткен жана баалуулугун жоготкон иш кагаздарды жокко чыгаруу. Жогорудагы  темалар боюнча семинардын катышуучулары  кенири  түшүнүк алышты жана  архив  кызматкерлеринен суроо жооп менен  билимдерин бышыктады.

Семинардын жыйынтыгында  Кызыл-Жол башталгыч мектебинин  директору  Айдинса Алдаева  окутуу  семинарын  уюштурган  шаардык профсоюз комитетинин  төрайымы  М.Калыковага  жана  шаардык  билим берүү  бөлүмүнө  ыраазылык билдирди.

 

Даярдаган:

М.Калыкова