Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде аймактык ачык сабактар жана өтүлгөн сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

2020-жылдын 17-февралында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу  №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Айрыбаз, Кыргызстандын 10 жылдыгы, Сатаров, С.Баюми, С.Тажибаева, Сары-Алтын  жана Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 Д.М.Карбышев, №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы, №4 А.С.Пушкин, №5 Ч.Айтматов, №6 Токтогул, №7 Т.Иметов, №8 А.Навои, №9 У.Гулматов, №10 А.П.Гайдар, №11 М.Куренкеев, №12 А.Осмонов, №13 И.Абдрахманов атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу багытындагы аймактык ачык сабактар жана сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге “Келгиле окуйбуз” долбоорунун Баткен областтык координатору, областтык билим берүү усулдук борборунун башкы адиси О.Эркебаев жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары чакырылды.

Ачык сабактар аталган мектептин мугалими Г.Апсатарова, Д.Нурдинова, Г.Акылбек кызы, А.Александровалар тарабынан өтүлдү.

Сабактар “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында уюштурулуп, аймактар аралык тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Катышуучулар сабактар башталганга чейин “Келгиле окуйбуз” долбоорунун негизинде уюштурулган көргөзмө менен таанышып, мугалимдердин портфолиолорун көрүп чыгышты. Ар бир катышуучу өзүнө керектүү маалыматтарды сүрөткө тартып, айрымдарын көчүрмөлөрүн мугалимдерден сурап, тажрыйба алмашуу жараяны ийгиликтүү жүрдү. 

Сабактарды баалоо үчүн мугалимдерге баалоо барактары таркатылды. Мугалимдер сабактарга каташып, баалоо барактарын толтурушту. Сабактардын аягында билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, “Келгиле окуйбуз” долбоорунун улуттук тренери Ж.М.Душобаеванын төрайымдыгы астында өтүлгөн сабактарды талдоо жана кемчиликтерди жоюу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешме интерактивдүү формада өтүлүп, катышуучулар 5 топко бөлүнүп иш алып барышты. Кеңешменин аягында Ж.М.Душобаева сабактарда учураган каталар жана аларды чечүү үчүн иш план сунуштап, катышуучулар тарабынан ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алынды.

 

Материалды даярдаган:

Жыпаргул Душобаева