Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында ШБББнүн бала бакчаларынын башчылары менен жолугушуу болду

Таш-Көмүр шаарындагы №2 “Ак-Кайың” бала бакчасында 20.02.2020 шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Г.Эргешова,башкы бухгалтер Б.Молдомуратова,жетектөөчү адис Асилбек кызы Жыпар,билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Э.Ж.Эгизалиева менен жолугушуу болуп өттү.Бул жолугушууда быйылкы “2020-жыл өлкөн санариптештирүү,аймактарды өнүктүрүү жана балдарды коргоо жылына” карата аткарыла турган иштер жөнүндө,ошондой эле балдардын коопсуздугун коргоо иретинде видео-көзөмөлдү бала бакчаларда ишке ашыруу,айлык акынын электрондук жолго өтүүсү,техникалык жана өрт коопсуздугун сактоодогу алып барылуучу иштер боюнча талкуу болду.

Жолугушууну шаардык билим берүү бөлумүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.А.Эргешова ачып бала бакчалардын жүргүзгөн иштерине анализ берип шаар боюнча бала бакчалардын саны жылдын башында 11 болсо жылдын аягында 12 болуп  “Ай-Данек”бала бакчасы ишке берилип,балдардын саны 1868 ге жеткен.Бала бакчалардагы азык тлк сактоо жайларынын санитардык абалы  канааттандырарлык деп белгиледи.Быйылкы жыл ичинде балдардын коопсуздугун коргоо толук колго алынаарын жана видео-көзөмөл коюнун мөөнөтүн тездетүүнү сунуштады.

ШБББнүн башкы эсепчиси Б.Молдомуратова айлык акынын төлөө тартиби электрондук жолго коюлгандыгы жана бардык төлөмдөр ачык болорун түшүндүрдү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрайымы Э.Ж.Эгизалиева айлык акы төлөө,тарбиячылардын эмгек өргүүсүнө кеткен учурдагы талаш-тартыш маселелер боюнча талкуу жүргузүлүп,натыйжасында мыйзам чегинде бир пикирге келип,чечилди.

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева