Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жетекчи баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинарына катышты.

Жаңы жетекчи баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинарына

 катышты.

 

        2019-жылдын 30-январь күнү Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө жайгашкан                  № 1 Ж. Бөкөнбаев атындагы инновациялык мектебинин базасында “Баштапкы кесиптик уюмдарда маалыматтык иштерди жолго коюу” темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинары болуп өттү.

        Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г. Бекбаева жана мектеп жана балдар бакчаларынын профсоюз уюмдарынын жетекчилери катышышты.

       Семинардын жүрүшүндө Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы                              Н. Олжобаев сүйлөп, профсоюз уюмдарынын жетекчилерине жаны жылда чоң-чоң ийгиликтерди каалады.

Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышанов өткөн жылда жетишкен ийгиликтер, кемчиликтер жөнүндө сүйлөп, жаңы жылга карата максаттар жана милдеттер менен тааныштырды.

Ноокен райБББнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г. Бекбаева билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн тарификация, 480 сааттык окутуу боюнча жана дем берүүчү эмгек акылардын жүргүзүлүшү, 30%  кошумча эмгек акынын төлөнүшү боюнча билдирүү жасап, суроолорго жооп берди.

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров