Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугуна кам көрүлдү.

Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитети тарабынан ардагер мугалимдерге акысыз Жалал-Абад санаториясына жолдомолор берилди.Алардын арасынан Н.Мамбетов атындагы орто жалпы билим берүүчү мектебинде, көп жылдан бери иштеп келе жаткан мугалимдер Турсунбекова Сулайка,Сапаралиева Гулумбу эжекелер жолдомо алышты.Жолдомо райондук профсоюз комитети тарабынан берилди.Ден соолугун чыңдоо үчүн арыз менен кайрылган бул мугалимдер учурда Жалал-Абад санаториясында 10 күндүк кыска мөөнөттүү дарыланууда.
Татаал, түйшүктүү эмеспи мугалимдик кесип.Балдарга билим берүү менен кызуу иштин үстүндө жүрүп, өз ден соолугубузга да жакшы көңүл бура албай калабыз.Кесип бирлик комитети тарабынан берилген жолдомолор аз да
болсо мугалимдерге көңүл бурулгандыгы кубандырат.Дени сак мугалим ,келечектеги илимдүү, ар кесиптин ээси болгон инсандарды тарбиялап чыгарат.

 

 

 

 

 


Материалды даярдаган Наргиза Тотоева