Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ. ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ

ОГПИ. ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ

2020-жыл  “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  заманбап үлгүдөгү усулдук борборлор ачылды.

Аталган борборлор окуу жай жетекчилигинин атайын планына ылайык толук түрдө талапка жооп бере турган шартта, институтта даярдалган бардык адистиктер боюнча өз өзүнчө даярдалган. Тактап айтсак кааналар  акыркы үлгүдөгү электрондук доскалар, компьютер, принтер, интернет байланыш  жана жумшак эмеректер, китеп текчелер, көргөзмө куралдар үчүн атайын бурчтар менен жабдылып, билим берүүнүн түрдүү методторун талаптагыдай окутууга жана үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралып отурат.

Студенттердин кышкы эс алуусунан келишине даярдалган усулдук кааналар менен окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жакындан  таанышып чыгышып,  ал арада ректор факультеттин декандарына борборлорду натыйжалуу колдонуу үчүн  усулчу мугалимдер менен дыкат иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди. Ошону менен бирге бул аракеттер окуу жайда билим алып жаткан болочок мугалимдерге окутуунун усулун натыйжалуу үйрөтүү максатында ишке ашып, алардын сапаттуу кадр болуп чыгуусуна керектүү шарт түзүп берүү болуп саналаарын ректор өз сөзүндө белгилеп өттү.