Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинин 2019-жылдын декабрь айында өткөргөн иш чаралары

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылындагы “Кара-Булак” орто мектебинин педагогикалык жааматы ар дайым өз активдүүлүгүн көрсөтүп, түрдүү иш чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүп келишет. Мындай иш чараларынын бири 3-декабрь ден соолугу чектелген балдарга камкордук күнүнө карата  мектептин социалдык педагогу  Разыкова Күмүшайдын демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан каржыланган окуу куралдары, таттуулар жана энциклопедиялар мектептин аялуу, кайсы бир деңгээлде майыптыгы бар окуучуларына берилди.

Ошондой эле, "Жаныңдагыларга жардам бер" акциясынын алкагында мектептин мугалимдер жамааты, жогорку класстын окуучулары тарабынан айылдагы ноябрь айындагы үй ичиндеги мештен чыккан өрттөн улам үй тиричилигине керектүү буюмдары күйүп кеткен Урунса эженин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүшүп,  жылуу кийимдер, тамак-аш азыктары, жууркан- төшөк сыяктуу колдон келген белектерди жеткирип барганда, көздөрү сүйүнүчко толгон эненин  батасын алып, алкышына арзышты. Бул дагы социалдык педагог Разыкова Күмүшайдын демилгеси.

Мектептин дагы бир кызматкери даярдоо классынын мугалими Таалайбек кызы Тунугайдын демилгеси менен коомду адабият ааламына, китеп дүйнөсүнө кайра кайтаруу максатында "Бир адамдан бир китеп" долбоору старт алды.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева