Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тѳрага кайрадан шайланды

2019-жылдын 17-декабрь күнү Кочкор районундагы билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ХХIII конференциясы болуп ѳттү.

Конференцияга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук  Комитетинин тѳрагасы А.Токтогулов, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Ѳзүбеков жана 45 делегат катышты. Конференциянын жүрүшүндѳ райондук комитеттин тѳрагасы А.Темировдун  профсоюз уюмунун аткарган иштери боюнча  отчету угулуп, «канааттандырарлык»  деп бааланды жана  текшерүү комиссиясынын отчету жактырылды.

Конференцияда чыгып сүйлѳгѳн делегаттар: С.Ѳмүрбаев атындагы орто мектебинин директору Т.Бактыгулов, А.Мааткеримов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун тѳрагасы Саты уулу Бакыт, К.Мырзабеков атындагы орто мектебинин директору К.Сексеков, Ак-Жар орто мектебинин директору Ж.Кѳчѳкбаев, И.Арабаев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун тѳрайымы А.Турдубаева, Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин директору Ж.Ѳмүрбеков райондук комитеттин иши жѳнүндѳ жакшы пикирлерин билдиришип, тѳрагалыка  А.Темировду кайрадан шайлоо сунушун киргизишти. Бул сунушту конференциянын катышуучулары колдоп, А.Темиров  бир добуштан кайрадан тѳрага болуп шайланды. Конференцияда райондук комитеттин жана текшерүү комиссиянын жаңы тутумдары шайланды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук  Комитетинин тѳрагасы А.Токтогулов конференциянын катышуучуларына профсоюз уюмдарынын орду ѳзгѳчѳ экендигин баса белгилеп,  профсоюз уюмдарында жүргүзүлүп жаткан иштер,  Билим берүү министрлиги менен түзүлгѳн социалдык ѳнѳктѳштүк жѳнүндѳ кеңири  маалымат берип,  Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин директору З.Табалдиевге, Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин музыка мугалими,  баштапкы профсоюз уюмунун тѳрагасы Ж.Деркенбаевге, райондук спорт мектебинин тренери  Ж.Мүзүевге  профсоюздун Борбордук комитетинин «профсоюздук кыймылдын мыктысы» тѳш белгиси сыйлыгын тапшырды.

Конференциянын аягында кайрадан шайланган тѳрага А.Темиров сѳз алып, анда ишеним кѳрсѳткѳн делегаттарга   ыраазычылыгын айтып, алдыдагы иштер жѳнүндѳ маалымат берди.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы