Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаарындагы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун комитетинин төрагасы болуп А.Балтабаев кайра шайланды

Ош шаарында 10-декабрь күнү шаардагы № 18 А. Навои атындагы мектеп-гимназиясында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин 5 жыл (2014-2019) аралыгында жасалган иштери боюнча отчёттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Мында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин төрагалыгына аталган комитеттин мурдагы төрагасы Балтабаев Абдыкалык Орунбаевич кайра шайланды.

Аталган шайлоого Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерден жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен аталган комитетке караштуу делегаттар катышып, бир добуштан А.Балтабаевди көрсөтүштү.

Конференцияда 5 жыл ичинде билим берүү тармагында эмгектенген кесип мүчөлөрүн ар тараптан коргоо боюнча Ош шаардык мэриясынын, шаардык билим берүү башкармалыгынын жана шаардык профсоюздун ортосунда түзүлгөн соңку жылдар аралыгындагы келишимде каралган социалдык экономикалык жактан коргоо, ден соолукту чыңдоо жана дем алууну уюштуруу боюнча маселелер каралды.

Бүгүн, 13-декабрь күнү А. Балтабаевди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов баш болгон билим берүү кызматкерлери анын кайра шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

 

Материалды даярдаган:

Мелис Жолдошев