Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш чара  “Кыргыз малекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандар” деген теманын алкагында  Алымбек Датканын 220, А.Орозбековдун 130, Т.Усубалиевдин 100 жылдык юбилейлерине арналып, окуу жайдын Гуманитардык факультетинин “Тарых” кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Иш чаранын жүрүшүндө алгач көрүнүктүү тарыхый инсандардын тагдыры туурасында студенттер тарабынан сахналык көрүнүш коюлду. Андан соң конференция салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен ачылып, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев жана Тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов куттуктоо сөз сүйлөшүп, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалап өтүштү.

Конференциянын 2-бөлүгү пленардык отурум менен коштолуп, мында теманын негизинде бир топ баяндамалар окулду.

  1. Абытов Байболот Капарович- тарых илимдеринин доктору, профессор “Алымбек Датканын тарыхый саясий бейнеси”.
  2. Смадияров Сыдык Акунович-тарых илимдеринин кандидаты, профессор “Т.Усубалиев доор инсан”
  3. Зулуев Бекмурза Бекболотович-педагогика илмидеринин доктору, профессор “Алымбек Датканын медресесинин агартуудагы ролу”
  4. Осмонов Самарбек Жумабекович-тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты “А.Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү орду”
  5. Зулпуева Рабы Жаңыбаевна-тарых илмидеринин кандидаты,доцент “Алымкул амир лашкардын ишмердиги жана доору”
  6. Шарипова Роза Зулунова-философия илимдеринин кандидаты, доцент “Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн эгемендүүлүк мезгилдеги трансформациясы”

Бүгүнкүдөй гүлдөгөн заманыбыздын келүүсүнө зор салым кошкон тарыхый инсандарды эскерип, алардын эмгегин өзүбүздө баалап, өзгөгө даңктоо абзел. Бул сыяктуу улуу инсандарды эскерүү, бугүнкүдөй конференцияларды өткөрүү учурдагы жаштардын жакшы жолдо, мыкты ийгиликтерди багындырып, патриоттук сезими ойгонуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошот деген терең ишеничтебиз.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу