Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алгалай берсин, билим жана илим профсоюзу!

Кыргыз  Республикасынын   Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитети   2019-жылдын 20-декабрында жыйынтыктоочу   президиумунда   «Региондорду  өнүктүрүү  жана  санариптештирүү жылында тармактык    райондук,  шаардык профсоюздук  комитеттеринин  жана  ЖОЖ  жана  АООЖ профсоюз  комитеттеринин  ишмердиктеринин  социалдык  натыжалуулуктарынын  жылы” урааны  астында  өткөрүлгөн  республикалык кароонун  жыйынтыктары  чыгарылды.

Жалал-Абад  облусунан төмөнкүлөр номинациялар  боюнча  жеңүүчүлөр  болушуп, Диплом  жана   атайын  белектер  менен сыйланышты.

  1. ”Жылдын  мыкты  профсоюз  лидери” номинациясы  менен  Ноокен  райкомунун  төрагасы-Нышанов  Кубанычбек  Калдарович, Токтогул райкомунун  төрагасы-Исраилов  Токтомуш  Исраилович.
  2. “Өзгөчө маалыматтык иштер” номинациясы менен  -Жалал-Абад  облустук  комитетинин  укук  жана  эмгек  боюнча  инспектору-Айдаров  Абдираим  Чонахунович  жана  Ноокен  райкомунун  укук  жана  эмгек  боюнча  инспектору, Жаштар  кеңешинин  төрагасы-Бакиров Тилек Мамаджанович.
  3. ”Жылдын  Бакайы”   ардактуу  наам  менен-  Чаткал  райкомунун  төрагасы- Кудайбердиев  Ызан Кожонович.

Борбордук  комитеттин  сыйлыктары   бизди  2020-жылда  профсоюздук  ишмердүүлүктө жаңы  ийгиликтерди  жаратууга, тармакты  өнүгүүсүнө чоң  салымдарды  кошууга,  мүчөлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүнүн  үстүндө  талыкпай эмгектенүүгө   шыктандырды.

Эмгектерибизди татыктуу  баалаган  Борбордук  Комитеттин   жамаатына  жана Асылбек  Токтогуловичке , обкомдун  төрагасы  Абдукахар Араповичке ыраазычылыктарыбызды  билдирип, жетекчилик  иштеринде  ийгиликтерди  каалайбыз!

Жаңы  2020-жылда ийгиликтер коштоп, профсоюздун  кадыр  баркы  өсүп өркүндөй жана алгалай  берсин,  билим  жана  илим  профсоюзу!

 

Материалды  даярдаган:

Жалал-Абад   обкомунун  инспектору

А.Айдаров