Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулууда

Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитети тарабынан жаштар кеңештерин түзүү алардын  ишмердүүлүгүн  жолго  кою  боюнча атайын Жобо бекитилип,  бул  багыттагы иштер башталганына көп эле  болгон  жок.

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад облустук  комитетинин  алдында  түзүлгөн  жаштар  кеңешинин жургузуп  жаткан  иштери натыжасында  жаш  мугалимдерге өзгөчө көңүл  бурулуп жакшы  самаалыктар  болууда.

Мындай профсоюздук иш-чара  катарында Таш-Көмүр шаардык комитеттин  “Татыктуу  эмгек- татыктуу  жаштар!”   темасында 2019-жылдын  19-ноябрында   №11  М. Темирбаев  атындагы  орто  мектебинин  базасында  өткөрүлгөн облустук профсоюздук  семинарды  айтсак  болот.

Бул  семинарда  жаш  педагогторго  профсоюздук мүчөлүк  билеттери  салтанаттуу  түрдө  тапшырылып,  облустук   комитет, облустук  жаштар  кеңеши, жетекчилер,   окуучулар тарабынан педагогтук  иштерине жакшы  каалоолор билдирилди.

Жаш  педагогтор  менен  иштерди  уюштуруу  боюнча  тажрыйба  алмашуу   максатында  Жалал-Абад  шаардык комитеттин  жаштар  кеңешинин  иш  тажрыйбасы  тууралуу  анын  төрагасы Максат  Мамасыдыков  билдирүү  жасады.  

Ошондой эле Таш-Көмүр шаардык  комитетинин алдындагы  жаштар  кеңешинин  төрагасы  Дайырбек   уулу  Манас   жаш  педагогтор  менен  иштоо  багыттары  жөнүндө  маалымат  берди.

Берилген маалыматтар  боюнча  аткарылып  жаткан  иштер семинар  катышуучуларында кызыгууларды   пайда  кылып, талкууда  жакшы сунуштар,  ой пикирлер  Ноокен,  Сузак, Кара-Көл,  Майлуу-Суу  жаштар  кеңештеринин  өкүлдөрү, Таш-Көмүр шаарынын  жаш  мугалимдери  тарабынан   билдирилди.

Катышуучулар  семинардын  практыкалык  бөлүгүндө жаш  педагогтор  3  тайпага  бөлүнүп,  мыйзамдык  укук   жана  милдеттер  жөнүндөгү интелектуалдык практыкалык оюнда  катышуусу аркылуу  тийиштуу  билимдерге  ээ  болушту. Иш-  чаранын  бул бөлүгүндө  тажрыйбалуу профлидерлер тарабынан кошумча маалыматтар   менен  толуктап турулду.

Семинарда  Жалал-Абад  облустук  комитеттин укук  жана  эмгекти  коргоо  боюнча  инспекетору-А.Айдаров, обкомдук  финансы  бөлүмүнүн  башчысы,  облустук  жаштар  кеңешинин  төрагасы  З.  Сулайманов,Таш-Көмүр шаардык  Мэриянын башкы  адиси  Н.А. Боронбаев, Таш-Көмүр шаардык  билим  берүү  бөлүмүнүн  усулдук  кабинетинин  усулчусу                                      К.Н. Кенжекулова, Таш-Көмүр шаардык  комитеттин  төрайымы  Э.Ж.Эгизалиевалар катышып,  жаштар  менен  иш  алып  баруу  тажрыйбаларынан  пикирлерин  билдиришип, каалоо   тилектерин  айтышты.

Семинардын катышуучулары  Жалал-Абад  облустук  комитетке,  уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип,  профсоюз  иштерине  ийгиликтерди  каалашты.

 

Материалды  даярдаган:

  А.Айдаров

обкомдун инспектору