Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Китепкөй окурмандар үчүн “Китеп жарманкеси”...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Китеп жарманкеси” өтүп жатат. Бул саамалыкты Бишкек шаарынан келген “Данек” китеп дүкөнүнүн кызматчы тобу менен биргеликте окуу жайдын китепкана бөлүмү уюштурууда. Анын негизинде жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Китепкөй адистер менен бирге окурман студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлүп жаткан бул иш чара бүгүн кечки саат 17:00 убактысына чейин уланат.
Көптөгөн китептер бүгүн өз окурмандарын табууда...

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу