Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жарлыгы менен жарыяланган "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюздук комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин социалдык натыйжалуулуктары" кароо сынагына карата жакшы салым кошуп активдүү баштапкы профсоюздук уюмдардын иштерине баа берди жана алдыңкы профсоюздук уюмдарды дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлады. Иш чара райондук билим берүү бөлүмү менен бирге өткөрүлдү.

Иш чарада өнөктөш катары жакшы иштешкен Барпы, Көк-Арт, Кыз- Көл, Ырыс айыл Өкмөттөрүнүн башчыларына да Ардак грамоталар жана баалуу белектер берилди.

Бул иш чарага профсоюздун Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А. Айдаров, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы методикалык кабинеттин башчысы М. Элеманов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г. Бейшеева, Барпы, Ырыс, Көк-Арт айыл Өкмөттөрүнүн башчылары, райондун баштапкы профсоюздук уюмдарынын төрагалары катышышты.

 

Даярдаган:

Э.Аназаров