Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта президиум өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин кезектеги президиуму 2019-жылдын 21-ноябрында өткөрүлдү.

Президиумдун отурумунда төмөндөгү маселелер каралды:

  1. "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында" профсоюздун Сузак райкомунун жана баштапкы профсоюздук уюмдардын үч тараптүу макулдашуулар, жамааттык келишимдер боюнча аткарган иштеринин ыйынтыгы жөнүндө.
  2. Райондун маданий - массалык иштерин өткөрүү үчүн сарпталуучу акча каражаттарынын суммасын бекитүү жөнүндө.

Президиумдун жүрүшүндө билим берүү уюмдарынын материалдык базасын чыңдоодо өнөктөштөр ортосундагы байланышты күчөтүү багытында президиум мүчөлөрү Авазов А., Бабаева Л., Матираимов М. өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Усенов билим берүү уюмдарын башкаруунун маалыматтык системасы жөнүндө ойлорун билдирди.

Президиумдун отурумунда тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

 

Материалды даярдаган:

Абдимажит Орозалиев