Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага кайрадан шайланды

2019-жылдын 19-ноябрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин  ХХ отчеттук – кайра шайлоо конференциясы  болуп өттү.

Отчеттук доклад менен  Кара-Суу райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин  төрагасы  П.Жакыпов чыгып сүйлөдү. Конференциянын жүрүшүндө жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттар  райондук комитеттин отчеттук мезгил ичиндеги аткарган ишин канааттандыраарлык деген баа  беришти.  

Конференцияда райондук комитетин жана текшерүү комиссиясынын тутумдары  шайланды.

Жакыпов Памирбек  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин  Кара-Суу райондук  комитетинин төрагалыгына ачык добуш менен кайрадан 5 жылдык мөөнөткө  шайланды.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович катышып,  сөз  сүйлөдү.

 

Материалды даярдаган:

Жакыпов Памирбек