Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биздин күчүбүз – биримдикте

2019-жылдын 22-ноябрь күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин окуу-семинары болуп өттү.

Анда жаштар кеңешинин мүчөлөрү, жаш проф.лидерлер, жалпы 55 адам кытышты.

Окуу-семинарда тарификация, айлык акылардын туура эсептелиши боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын эсепчиси Н.Абдыназаров; Күндөлүк планды жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде жазуу боюнча Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин мугалими Т.Мирзариамова; Лидерлик жана оратордук искусствосу боюнча Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасы Т.Бакиров, Чыр-чытактарды анализдөөнүн жолдору боюнча Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары У.Уметовдор слайддар менен түшүндүрүшүп, усулдук материалдар берилди. Андан сырткары семинардын катышуучулары топтордо иштешти жана өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.  

Жыйынтыгында семинардын катышуучулары семинар жогорку денгээлде жана кызыктуу өткөндүгүн белгилешти.

Окуу семинарды өткөрүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетине, Ханнс Зайдель Фондуна жана “Керемет” эс алуу борборуна терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Материалды даярдаган

Ноокен райкомунун жаштар кеңешинин төрагасы

Т. Бакиров