Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Күчтүү профсоюз-татыктуу келечекке ишеним” урааны астында республикалык кароо-сынактын областтык туру өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына» карата  иш –чаралардын  алкагында  жарыяланган «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 2019-жыл тармактын райондук, шаардык жана ЖОЖ,АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык   кароо-сынагынын областтык турун билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Баткен областтык комитетинин  2019- жылдагы иш планына ылайык 2019-жылдын 20-ноябрь күнү Баткен шаарында өткөрүлдү.

Борбордук комитеттин 2019-жылдын 25-январындагы президиумунун №22/1 токтому менен бекитилген жобого ылайык, кароо-сынакта Баткен областынын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин  арасында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында  2019-жыл тармактын райондук, шаардык жана ЖОЖ,АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык   кароо-сынагында төмөнкүдөй номинациялар жарыяланган:

  • “Жылдын мыкты райондук, шаардык профсоюз комитети”
  • “Жылдын мыкты профсоюз лидери”
  • “Региондогу мыкты профсоюз”
  • “Менин профсоюзум-менин коргоочум”
  • “Профсоюз-бул мыйзам”
  • “Жаштар жана профсоюз –келечектин тратегиясы” жана башка номинациялар боюнча Баткен жана Кадамжай райондук профсоюз комитеттери, Кызыл Кыя, Баткен шаардык профсоюз комитеттери катышып, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан даярдалган жобонун критерийлерине ылайык областтык комитет тарабынан  атайын түзүлгөн комиссиянын тандоосу менен аныкталды. Женүүчүлөр кароо-сынактын республикалык туруна катышууга укук алышты.

Ал эми кароо-сынактын областтык турунун женүүчүлөрү областтык комитеттин жыл жыйынтыгын чыгарган президиумунда областтык комитеттин дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.

 

укук иштери боюнча адис

              К.Акимов