Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” шоу программасы Мунар Назымов менен биргеликте...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институнун Колледжинде салтка айланган “Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” аттуу иш чара болуп өттү. Аталган кеченин коногу Мамлекеттик  тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы  Назымов Мунар Бурханович болуп, бир топ кызыктуу суроолор коштоосунда студенттер менен жакындан пикир алышты.

Өзгөчө суроолор, тапшырмалар конокту бир топ сүргө салган менен, кырдаалдан чыгууга аракет кылып, берилген суроолорго жеткиликтүү деңгээлде жооп берди.

Иш чаранын соңунда мыкты суроо берген студенттерге Мунар Назымов атайын белектерди ыйгарып, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирүү менен студенттердин окууларына ийгилик каалап өттү. Катышуучулардын мыкты даярдыгы таң калтырганы жана кеченин өзу күтпөгөн деңгээлде жакшы болгонун да жашырган жок.

Белгилей кетсек  бул саамалык Башталгыч кластардын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасы жана Жащтар комитети тарабынан уюштурулуп келүүдө.

 

Материалды даярдаган:

 Кубаныч Жылкычы уулу