Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ –Республикалык олимпиадада 2-орун...

16-19-ноябрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде тарых адистигинде билим алып жаткан студенттер ортосунда олимпиада болуп өттү. Буга Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери катышып, байгелүү 2-орунду камсыздашты.

Анын натыйжасында бүгүн окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев жеңиш менен келген студенттерди жана жетектеп барган мугалимдерди кабыл алып, жетекчиликтин атынан куттуктады. Мында ректор студенттердин дагы да алдыга кадам таштоосуна бир топ стимул боло турган ийгилик жараткандарын баса белгилеп, кубанычта экенин билдирди.

Олимпиадага Тарых кафедрасынын улук окутуучусу, магистр Анара Жолдошова, Үмүтай Ажымаматова жетектеген тарых адистигинин студенттери катышып, илимий багыттан тажрыйба алмашууга шарт түзүлгөнүн, теория лык билимдерин, практика жүзүндө көргөзө алгандыгын айтып өтүштү.

Мындан сырткары олимпиадага катышуу үчүн жети дубандан тандалып келинген студенттерге эки күндүк саякат да уюштурулуп, анын негизинде тарыхый комплекстер жана Бурана мунарасы, Ата Бейит мемориалдык комплекси менен таанышып келишти.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу