Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү”

Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндөгү ” Жарлыгына ылайык жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан, ошондой эле,   ар бир жалпы билим берүү мекемелеринде түзүлгөн иш чаралардын негизинде 7-ноябрь “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү  күнү” белгиленди.

Мектептерде иш чаралардын пландарында көрсөтүлгөн “Тарых барактары”, “Тарых жана биз”, “Элдин руханий мурасы”, “Апрель революциясынын каармандары” жана башка ушул сыяктуу  темалардагы   ачык сабактар, тегерек столдор, эскерүү кечелери,  музейге саяккат сабактары өткөрүлүп, слайддар көрсөтүлдү.

Атап айтсак,  Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Жаштык айылындагы №3 мектеп -гимназиясында 5-11-класстарда “Тарых болбой эл болбойт” деген тематикалык тарбиялык сааттар, 5-6-класстарда “Арка өрөөнүнө салымын кошкон инсандар” темасындагы тегерек стол, 9-11-класстарда “Ата-Бейит каргашалуу тагдырдын мемориалы” аттуу темада тарбиялык сааттар өтүп, иш чара “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” арналган конференция менен жыйынтыкталды.

Ал эми, Тогуз -Булак айыл аймагына караштуу “Кара-Булак” орто мектебинде “Тарых жана биз”, “Менин жеримдин тарыхы” аттуу саякат сабакта мектеп окуучулары жана мугалимдер айылдын түштүк чыгыш тарабында жайгашкан биздин замандын I-XI кылымдарында Асбаникат деп аталган Кара-Булак шаар урандысынын орду болгон дөңгсөгө саякат жасап, мектептин тарых мугалимдери айылдын тарыхы жана ал жерде болгон археологиялык казуулар, айылдын чыгаан инсандары жөнүндө кеңири маалымат берип, окуучулар менен мугалимдердин ортосунда кызуу талкуу жаралды. Мектептин тарых мугалими Маанова Самара “Мыкты табылга” акциясын уюштуруп,  мугалимдер  жана окуучулар музейге ар кандай экспонаттарды чогултуп, эң мыкты буюмдарга демөөрчүлөр тарбынан сыйлыктар берилди. “Тарых барактары”, “Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин” деген темада Полот хандын 175 жылдыгына, А.Орозбековдун 130 жылдыгына жана Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган тарыхый кече өткөрүлүп, мектептин окуучулары белгилүү инсандардын басып өткөн эмгек жолу жана элине кылган эмгеги менен тааныша алышты.

 

 

Материалды даярдаган:

М.Сагалиева