Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин “Татыктуу эмгек-татыктуу жаштар” облустук семинары өткөрүлдү

19-ноябрда Таш-Көмүр шаарындагы №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин  “Татыктуу эмгек-татыктуу жаштар”облустук семинары өткөрүлдү.

Облустук семинардын темасы:   “Татыктуу жаштар-татыктуу эмгек”.

Облустук семинардын максаты:

1) Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жана  Жаштар Кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берүү.

2)Жаштар Кеңешинин жаңы мүчөлөрүн кабыл алуу

3)Област аралык жаштардын ынтымагын,биримдигин чыңдоо

4)Көйгөйлүү маселелрди чечүүнүн жолдорун аныктоо

Семинардын катышуучулары: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитетинин инспектору А.Ч.Айдаров, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы З.Б.Сулайманов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков,Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын башкы адиси Н.А.Боронбаев, Таш-Көмүр шаардык билим берүү  бөлүмүнүн усулдук кабинетинин усулчусу К.Н.Кенжекулова,район-шаарлардын Жаштар Кеңешинин төрага жана мүчөлөрү,Таш-Көмүр шаардык билим берүү мекемелеринин кызматкерлери,профсоюздун баштапкы уюмдарынын төрага,төрайымдары.

 

Семинардын салтанаттуу бөлүгүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева ачып,келген коноктор менен тааныштырды.Алгач эмгек жолун баштаган кесиптештерге профсоюздук билетти тапшыруу менен куттуктоо сөз айтылды.Куттуктоо үчүн  келген коноктор чыгып өздөрунүн жылуу сөздөрүн арнашты.Мугалимдик иш ары түйшүктүү,ары сыймыктуу,коомдун туткасы жана күзгүсү экенин,келечекте жаштардан үмүт чоң  күтүлөөрүн баса белгилешти.Ошондой эле №11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери чакан концерттик программа тартуулашты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыковдун иш-тажрыйбасы менен таанышышуу менен  ММКлар менен иштөөнүн ыкмаларын,маалыматты чагылдыруу үчүн кандай аракеттерди жасоону жана жаштардын үнүн коомго жеткирүүдө газета-журналдардын ролу өтө чоң экени талкууланды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас  өзүнүн ишмердүүлүгү,Жаштар Кеңешинин иштөө багыттары,милдеттери,макулдашуулар кандай түзүлөөрү жөнүндө доклад жасады.

Район-шаарлардан келген жаштар  менен биргеликте топтордо иштешип, Эмгек Кодексинин айрым мыйзамдары жана педагогикалык ишмердүүлүктө байма-бай кездешүүчү укук бузулган учурларды талкуулашты. Талкуу өтө кызуу жүрүп жаш мугалимдер  укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтарды ала алышты.

Семинардын жүрүшү жаштар ортосундагы аралыкты жакындатып,биримдиги жана ынтымагы арткандыгы кубантты.Семинардын аягында пикир алмашуулар болуп,жакшы тилектер айтылды,мындай семинардын көбүрөөк болсо деген ойлорун айтуу менен жылуу коштошушту.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмур шаардык комитетинин атынан келген конокторго жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдирем.

 

Материалды даярдаган:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы:

Э.Ж.Эгизалиева