Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР СЫЙЛАНДЫ

“СТУДЕНТ – “АЛТЫН ДООР” ТАСМАСЫНЫН ЭҢ БАШКЫ КААРМАНЫ” мындай аталыштагы майрамдык салтанат 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Майрамдык кече жалпы студенттерди куттуктоо иретинде болуп, анда 1-курстарды студенттикке кабыл алуу жана факультеттер ортосунда өткөн 1-курстар аралык “Таланттарды издейбиз – 2019” кароо сынагынын гала концерти биргеликте өткөрүлдү. Иш чарага окуу жай жетекчиси баштаган эмгек жамаат жана жалпы студенттер катышып, анда алдыңкы студенттерди сыйлоо аземи менен бирге майрам ээлеринин урматына өнөрпоз, чыгармачыл жаштардын таланттары тартууланды. Иш чараны окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, жалпы студенттерди кызуу куттуктоо менен окуудагы, коомдук маданий иштердеги алдыңкы студенттерге жана студенттер майрамына карата уюштурулган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, ошону менен бирге “Таланттарды издейбиз – 2019” кароо сынагынын лоуреаттарына ОГПИнин  ардак грамотасын, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырып өттү. Ошондой эле студенттикке кабыл алуу салтанаты уюштурулуп, 1-курстарга бүтүрүүчү курстун студенттери тарабынан окуу китепчеси жана билимдин ачкычы расмий түрдө тапшырылды. Кеченин экинчи бөлүгү аталган кароо сынактын гала концерти менен коштолуп, сахна жибин алгач аттап турган студенттер жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап өтүштү.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу

kuba.ogpi@mail.ru