Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы ректор кызматына киришти

Ушул жылдын 5-ноябрында ОшМУнун ректорун шайлоо болуп өтүп, анда шайлоочулардын эң көп добушун алган Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичти бүгүн, 12-ноябрда ОшМУнун жаңы ректору катары жамаатка тааныштыруу аземи болуп өттү.      

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругун жамаатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тааныштырды.  Андан кийин өз сөзүндө ал жамаатка кайрылып, төмөндөгүлөргө токтолду: "Ош мамлекеттик университетинин кадыр-баркын көтөрүп, ОшМУну республикада гана эмес, эл аралык деңгээлге жеткирген азыркы Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ишине да ийгиликтерди каалайбыз.Жамаат менен биримдикте шайлап алган жаңы ректоруңуздар Кудайберди Кожобековду баарыңыздар жакшы билесиздер. Ушулуниверситетте окуп, ушул жерде эмгек жолун баштаган. Андан кийин Билим берүү жана илим министрлигинде иштеп, тажрыйба топтопкелди. Эми ошол тажрыйбаларыңызды ушул жерде колдонуп, университеттинимиджининмындан ары да бийик болушуна салым кошуңуз, жаңы кызмат ордуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайм, сизге ушундай жооптуу кызматта чың ден соолук жана чоң-чоң ийгиликтерди каалайм!". ОшМУнун ректору кызматына киришип жаткан Кудайберди Кожобековду кесиптештери, профсоюз комитети жана жалпы жамаат куттуктап, ийгиликтерди каалап, аксакалдар ак батасын беришти.

 

 

 

Материалды даярдаган:

Суйумкан Арзиева