Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба топтоого түрткү болгон Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун IV пленуму

Билим берүу жанан илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун IV пленуму 25.10.2019-жыл өткөрүлдү.Бул пленумда:

Билим берүү,илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук,социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо,коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча БКнын Ысык-Көл облусунун Тоң районунуда  “Уюштуруучулук жактан бекемдик-профсоюздун ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизи” темасында өткорүлгөн пленумунун(20.09.2019-ж) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деңгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндө маселелр каралды.

Обком тарабынан баштапкы профслоюз уюмдарынын ишмердиктеринин багыттары боюнча отчетторду угуугуа,жер-жерлердеги баштапкы уюмдарга практикалык жардам көрсөтүүгө,алдыңкы тажрыйбаларын изилдеп,жайылтууга,профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык,эмгектик укуктарын коргоо боюнча иштерди улантууга,профсоюздун жогорку органдарынан келген токтомдорду,турдүү көрсөтмолөрдү,профсоюз уюмдарынын өздорүнүн кабыл алган токтомдорун козомолдөөнүн сапатын жогорулатууга жана аткаруучулук тартипти бекемдөөгө,профсоюздук активди,кадрларды окуттууга,профсоюздун бардык деңгээлдеги уюмдарында чогулуштарды,прездиумдарды,пленумдарды,конференцияларды өткөрүүнүн сапатын өркүндөтүүгө,түрдүү тематикадагы кароо-сынактарды,профсоюзда маалыматтык-усулдук иштерди айкын жүргузүүгө,эмгекчилердин арыздары,даттануулары,каттары менен талаптын деңгээлинде иштөөгө басым жасалды.

Ошону менен бирге обкомдун пленуму профсоюз уюмдарында айрым мүчүлуштуктөргө жана кемчилдиктерге жол берилгендиги жөнүндө айтылып,алардын четтетилүүсунүн жолдору белгиленди.

Өткөрулгөн пленум адаттагыдан сырт,жаңы ыкма менен өткөрүлгөндүгү менен айырмаланды.Отчеттор талкуу,сүрөттүк баяндама,ачык суроолор менен коштолду.

Өткөрүлгөн пленум тажрыйба топтоо,аймактык жана райондук профсоюздар  уюмдардын ортосундагы  ыкма алмашуусуна кенен шарт түзүп берилди.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан пленумдун уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирет.

 

 

Материалды даярдаган:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы

  Э.Ж.Эгизалиева