Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарды жомок дүйнөсүнө жетелеген Дана Шерри ОГПИде...

Ош шаарындагы англис тилин үйрөнүүчү окуучулар жана студенттер үчүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда семинар болуп өттү. Аталган иш чаранын башкы коногу “Жомоктор кербенинин” көркөм жетекчиси, “Жибек-Жолу” баяндама программасынын башчысы, Стэндфорд жана Калифорния Университетинин окутуучусу Дана Шерри болуп, ага мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер жана окуу жай жетекчилиги катышышты.

Семинардын жүрүшүндө лектор өзүн тааныштырып, залда отурган катышуучуларга эл жомоктору жана алардын күнүмдүк турмуштагы мааниси туурасында кенен баяндама жасады. Ал ортодо  жаш жеткинчектер үчүн кыргыз эл жомокторун айтып берип, бир топ кызыкка толгон оюндарды ойнотуу менен алардын элдик жомокторго табити зор экенин жана англис тилин мыкты өздөштүрүп жатканына күбө болду.

Белгилей кетсек Дана Шерри буга чейин Казакстандын жана Бишкектин бир топ жогорку окуу жайларында жолугушуу өткөрүп келген. Ал эми  кийинки иш сапары Оштогу билим берүү мекемелеринде уланмакчы.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу
kuba.ogpi@mail.ru