Кесиптик майрам салтанаты
Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанат 2019-жылдын 5-октябрында Алай районунун Гүлчө айылындагы «Ай көкүл» тойканасында болуп өттү. Салтанатка Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.С.Молдокулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу, инспектордук жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы К.М.Тутуев, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун кызматкери З.И.Молошев, Ош билим берүү институтунун кана башчысы А.Жороева, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров жана тиешелүү жетекчилер катышышып кесиптик майрам ээлерин куттукташты.
10.10.2019 530 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-коомдун күзгүсү
Мугалим-эскирбеген кесип. Педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билген көрөгөчтүгү, изденүүчүлүгү, баладай жумшак көңүлү, болгон күч-аракетин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы чоң урмат-сыйга татыйт. Мугалимдер күнүнө карата Ысык-Ата районунда салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышып, ардактуу кесиптин ээлерин куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.
10.10.2019 688 Кесиптик бирлик региондордоМУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ
2019-жылдын 5-октябрь күнү Кадамжай районундагы «Отдых» ресторанында мугалимдердин кесиптик майрамына карата азем өткөрүлдү. Майрамдык аземге Кадамжай райондук администрациясынын орун басары С.М.Асанова, мекеме-ишканалар, мектеп жетекчилери, бала бакча башчылары, сыйлык алуучу мугалимдер жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жалпысынан 340 адамдын катышуусунда өттү. Майрамдык кечени ачып берүү үчүн РайББ башчысы Ж.О.Гайбуллаев куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдерге өз сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлериннин төрагасы А.Ю.Момошов мугалимдерге каалоо-тилектерин айтып «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
10.10.2019 666 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕНДЕГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ
Баткен шаарындагы Салкын-Төр кафесинде зор шаан-шөөкөт менен өткөрүлгөн Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы балдар мекемелеринен келишкен 200 гө жакын билим берүү кызматкерлери катышышты. Салтанаттуу аземди райондук раймамадминистрациянын башчысынын орун басары К.Кыдырова ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө үндөдү.
10.10.2019 629 Кесиптик бирлик региондордоСүлүктү шаарында Мугалимдердин күнү салтанаттуу өткөрүлдү
2019-жылдын 7–октябрында Сүлүктү шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик марамына карата билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлерининкесиптик бирлик комитетити тарабынан “Мугалимдер – өрнөктүү өмүр ээлери” аттуу салтанаттуу ишш ара аардагы Рахат тойканасында 180 билим берүү кыызматкерлери жана ардагер мугалимдердин катышуусунда өткөрүлдү. Салтанаттуу иш чараны өткөрүү үчүн атайын бурук чыгарылып, иш чаралар планы түзүлүп, билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы тарабынан сценарий иштелип чыкты. И чарага ылайык билим берүү мектемелеринин ар биринде 1-октябрь улгагандардын күнүнө карата ардагер мугалимдерге үй бүлөсүнө кабар алып, үй иштерине жардам берилип, белектер уюштурулду. Ал эми мугалимдердин кесиптик марамына карата жумалыктар өтүлүп, окууччулар тарабынан дублерлор күнү уюштурулуп, атайын мугалимдер үүн конерттик программалар уюштурулду.
10.10.2019 648 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда мугалимдер күнү белгиленди
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университети 5-октябрь күнү Бабур драма театрында салтанаттуу кече уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү. Салтанатты ОшМУнун ректорунун м.а. Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады. Ошондой эле окуу жайыбыздын ташын коюп, кышын кынаган, өмүрү, бүтүндөй тагдыры университет менен байланышкан ардагер агай-эжелерге ыраазычылык билдирди.
08.10.2019 554 Кесиптик бирлик региондордо“Сөз берметин ширелткен айтыштын түрү сармерден”
Лейлек райондук билим берүү мекемелерине караштуу билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата көптөгөн иш чаралар өткөрүлүүдө, алардын бири 2019-жылдын 27-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата уюштурулган Лейлек районунун билим берүү кызматкерлеринин арасында Сармерден айтышынын райондук туру өткөрүлдү. Ак-Суу, Сумбула , Катраң, Лейлек өкмөттөрүнө караштуу билим берүү мекемелеринен буга чейин өткөрүлгөн зоналдык турда тандалып алынган мырзалар , Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө жана Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринен тандалып алынган айымдар ат салышып, жыйынтыгында бирдей упайга ээ болушту.
08.10.2019 509 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш чара өткөрүлдү
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын 2019-жылдын 5-октябрь күнү “Мугалим-коомдун руханий акыл-эси күч-кубаты жана тиреги”деген темада билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда райондук маданият үйүндө майрамдык иш чара өткөрүлдү.
08.10.2019 649 Кесиптик бирлик региондордоКесиптердин улуусу - Мугалим
Улуу кесиптин ээси болгон инсандарыбыз октябрь айынын башында кесиптик майрамын майрамдашып келишет эмеспи.Катардан калбай Таш-Көмүр шаарында да мугалимдердин кесиптик майрамын жогорку деңгээлде уюштурууну билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан шаардык маданият үйүндө өткөрүү жагын колго алды. Мугалимдердин кесиптик майрамын шаардык масштабда 4-октябрь күнү уюштурулду.Бул майрамдык салтанатка 450 мугалим-педагогдор ,29 ардагер мугалимдер, 17 жаш адистер, 59 юбилярлар жана шаар жетекчилери келип катышышты.
08.10.2019 582 Кесиптик бирлик региондордоКесиптик майрамдар майрамдалды
Аксы районунун Надыр Мамбетов мектебинде мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Түйшүктүү, татаал кесип ээлери мугалимдер эмеспи. Ошондуктан бул кесип эң эле урмат сыйга ээ деп ойлоймун. Аким, президент, врач, айдоочу айтор бардык кесип ээлери мугалимден билим алышат. Караңгы түндү билим менен жарык кылган да мугалимдер . Кесип бирлик мүчөлөрүнүн арасындагы ардагерлер өзгөчө куттукталды. Майрамдык маанай кесип бирлик мүчөлөрүндө абдан жакшы. Мектептин директору Калыбек Урустемов өз каалоолорун айтып, мындан ары да талыкпай эмгектенип көптөгөн мөмөлөрдү өстүрө беришин айтып өттү.
08.10.2019 846 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү сыйланды
2019 -2020-жаңы окуу жылында, Аксы районунун "Арча-бешик" мектепке чейинки билим берүү уюмунда, кесип бирлик мучөлөрү профсоюз уюмунун Ардак грамоталары менен сыйланышты. Аталган уюм үстүбүздөгү жылда көптөгөн жетишкендиктерге жетишишти. "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата өткөрүлгөн "Мыкты профсоюз уюму" аттуу конкурста областык турда экинчи орунду багындырды. Аксы районунун профсоюз уюмунун жетекчиси Сагын Камчыбеков Арча -бешик мектепке чейинки билим берүү уюмундагы кесип бирлик мүчөлөрүн райондук Ардак грамота менен сыйлап, кесиптик майрамы "Мугалимдер күнү" менен куттуктады.
08.10.2019 434 Кесиптик бирлик региондордо