Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Сөз берметин ширелткен айтыштын түрү сармерден”

Лейлек райондук билим берүү мекемелерине караштуу билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата көптөгөн иш чаралар өткөрүлүүдө, алардын бири  2019-жылдын 27-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата уюштурулган Лейлек районунун билим берүү кызматкерлеринин арасында Сармерден айтышынын райондук туру өткөрүлдү. Ак-Суу, Сумбула , Катраң, Лейлек өкмөттөрүнө караштуу  билим берүү мекемелеринен буга чейин өткөрүлгөн зоналдык турда тандалып алынган мырзалар , Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө  жана  Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринен тандалып алынган айымдар ат салышып, жыйынтыгында бирдей упайга ээ болушту.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева