Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптердин улуусу - Мугалим

Улуу кесиптин ээси болгон инсандарыбыз октябрь айынын башында кесиптик майрамын майрамдашып келишет эмеспи. Катардан калбай Таш-Көмүр шаарында да  мугалимдердин кесиптик майрамын жогорку деңгээлде уюштурууну билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан шаардык маданият үйүндө өткөрүү жагын колго алды.

Мугалимдердин кесиптик майрамын шаардык масштабда 4-октябрь күнү уюштурулду. Бул майрамдык салтанатка 450 мугалим-педагогдор, 29 ардагер мугалимдер, 17 жаш адистер, 59 юбилярлар жана шаар жетекчилери келип катышышты.

Иш-чарага шаардын мэри Р.А.Асаналиев,шаардык  Кеңештин убактылуу милдетин аткаруучу А.Мамасалиева, биринчи вице-мэри А.Мойдунова, шаардын ички иштер бөлүмүнүнкызматкерлери, ТИПИ, ТАК окуу жайларынын өкүлдөрү, жергиликтүү ишканалардын жетекчилери, демөөрчүлөр келип катышышып, мугалимдердин кесиптик майрамдары менен кызуу куттукташты.

Ардагер мугалимдерге, олимпиада жеңүүчүлөрүн тарбиялаган чыгаан мугалимдерге, жаш адистерге шаарком тарабынан сыйлыктар ыйгарылды.Мугалимдерге арналган салтанат ыр-бий,тамашалуу ырлар менен коштолду.

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева