Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДЕГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ

Баткен шаарындагы Салкын-Төр кафесинде зор шаан-шөөкөт менен өткөрүлгөн Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы балдар мекемелеринен келишкен 200 гө жакын билим берүү кызматкерлери катышышты. Салтанаттуу аземди райондук раймамадминистрациянын башчысынын орун басары К.Кыдырова ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө үндөдү.

Баткен районунун  акиминин орун басарлары   Т.Бадалов, К.Кыдыровалар ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттукташты.  Райондук мамлекеттик администрациянын жана облустук кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Натыйжалуу эмгектенип жатышкан 10 мугалим райондук мамлекеттик администрациянын, 10 мугалим райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана райондук кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыктарына татыктуу болушту.

Жогорку окуу жайларын бүтүрүп келишип, билим берүү мекемелеринде быйыл жаңыдан эмгек жолун баштаган 15, өткөн жылы жумушка орношуп үзүрлүү эмгектенип жатышкан 8 жаш мугалимге раймамадминистрациянын эсебинен 500 сомдон, райондук кесиптик бирликтин эсебинен 1 000 сомдон акчалай сыйлыктар, ошону менен бирге райондук кесиптик бирлик комитетинин эсебинен ар бири усулдук китептер жана окуу куралдары салынган портфелдер тапшырылды. 

Ардактуу эс алуудагы билим берүү ардагерлери дагы мугалимдердин кесиптик майрамына чакырылып, аларга да райондук мамлекеттик администрациянын жана  райондук кесиптик бирлик комитетинин  эсебинен белектер тапшырылды. Ардагерлер С.Мажитов, С.Сайкалов, А.Миңбаев  жана башка  улгайгандарга кам көрүп, майрамга чакыргындыгы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик уюмунун жетекчиликтерине терең ыраазылык билдиришти.

Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Зайитов билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө социалдык өнөктөш катары раймамадминистрациянын, айыл өкмөттөрүнүн жакшы көмөк көрсөтүп жатышкандыктарын белгилеп, жалпы мугалимдердин атынан ыраазылык билдирди.

Салтанаттуу азем райондук  маданият үйүнүн  кызматкерлери, балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучуларынын концерти жана Баткен райондук мамлекеттик администрациянын жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурган сый тамак менен улантылды. Кесиптик  майрамды уюштуруп өткөрүү үчүн райондук кесиптик бирлик уюмунун бюджетинен 58 000 (элүү сегиз миң) сомдук каражат жумшалды.

 

 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

 бирлигинин Баткен райондук

комитетинин жетектөөчү адиси