Кыргыз тилинин мамлекеттик макамын алганына, 30 жылдыгына карата майрамдык маанайлар
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.Мындан туура 30 жыл мурун,тактап айтканда,1989-жылы 23-сентябрда Кырыгыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып,андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.Мына,ошол күндөн тарта 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.Бул күнү жылда билим берүү мекемелеринде ар кандай сынактар,шаардык семинарлар,концерттик программалар,кол-өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп келет.Быйыл дагы шаардык деңгээлде ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусунда кыргыз ырлары жаңырып,мектептерде,бала бакчаларда тил майрамына арналган салтанаттар болуп өттү.
25.09.2019 568 Кесиптик бирлик региондордоУлуттун байлыгы-эне тили
20-сентябрь күнү Кочкор районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жѳнүндѳ» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата К.Темиров атындагы орто мектебинин жыйындар залында «Улуттун байлыгы-эне тили» аттуу конференция ѳткѳрүлдү. Конференцияга райондогу мектептерде эмгектенип жатышкан кыргыз тили мугалимдери жана окуучулар катышып, конференциянян ачылышы жана жабылышы Кыргыз тил Гимни менен коштолду.
24.09.2019 537 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы окуу жылына жаңы бала-бакча!
Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш кичи шаарчасына үч тараптуу макулдашуунун алкагында жергиликтүү бийлик тараптан 50 орундук бала-бакча сентябрь айынан тарта ишке кирди. Ачылуу аземине ЖКнын депутаты Айнура Осмонова, шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Айбек Джолдошев, шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акуновдор катышышты.
20.09.2019 632 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз-таджик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жардам
2019-жылдын 16-сентябрь күнү Лейлек районунун Кулунду айыл амагынын Максат айылынын чек ара аймагында кыргыз жана таджик чек арачылардын ортосунда болуп өткөн куралдуу кагылыштын натыйжасында Максат айылындагы жана ага жакын жайгашкан аймакта социалдык объекттерге, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна, турак-жайларына, мүлкүнө зыян келтирилип, жашоочулары кошуна айылдарга баш калкалоо максатында көчүрүлгөн.
20.09.2019 538 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ачылышы
2019-жылдын 10-сентябрь күнү Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак жана Айбике айылдарында “Ак-шоола Айбике” жана “Асылкан” аталышындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы курулган ар бири 50 орундук эки мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди.
20.09.2019 539 Кесиптик бирлик региондордоЭмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча инструктаж, окуу-семинар өткөрүлдү
Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2019-жылдын 17-сентябрь күнү Өзгөн районунун аймагындагы меткептердин, бала бакчалардын директорлоруна жана эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча бекитилген жооптуу кызматкерлерге Нускама берилип окуу-семинар өткөрүлдү. Окуу-семинарда «Эмгекти коргоо жана жумуш ордунда техникалык коопсуздук талаптары жөнүндө» «Жумуш ордунда өткөрүлүүчү нускаманы каттоо журналдары боюнча» Өзгөн РПКнын төрагасы И. Мырзамидинов слайд аркылуу кенири маалымат берди.
20.09.2019 2948 Кесиптик бирлик региондордоӨнөктөштүк өркүндөөнүн жолунда
2019-жылдын 14-сентябрында Жалал –Абад облустук билим берүүнүн усулдук борбору менен профсоюздун облустук комитети биргеликте билим берүүнүн мурдагы облустук жетекчилери жана активдин катышуусунда “Билим залын” ачылыш аземин өткөрүштү. Аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жооптуу кызматкерлери - Аширова Г.А, Борубаев Э, облустун билим берүү башкармалыгынын экс- башчылары: А.А.Акпаралиев, А.Б. Абдрашов, Т.Турганбаев жана Б.Исабаев, З.Кутманова, Ч.Доороновдун туугандары, облустук билим берүүнүн усулдук боборунун директору А.А.Токтосунов, профсоюздун облустук комитетинин экс-төрагасы У.Акматов жана экс-төрага А. Мирзахмедовдун туугандары, обкомдун төрагасы А.А. Исмаилов, “Алтын сертификат” алган окуучулардын мугалимдери, борбордун жана обкомдун жамааты, райшаар бөлүм башчылары, райшаарком төрагалары, директорлор катышышты.
16.09.2019 517 Кесиптик бирлик региондордоОкуучулар өзгөчө кырдаалдар учурда өзүн сактоосун билишеби?
2019-жылдын 13-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарында КР ӨКМ Таш-Көмүр шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бардык №1-14 орто мектептерде окуучулардын арасында өзгөчө кырдаалдар жаатында викториналар өткөрүлүп андан сырткары мектеп окуучулары өрттүн алдын алуу,өрт коопсуздугу,өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийимин кийүү,биринчи өрт учурунда колдонуучу өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонуу,өрт жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча өткөрүлдү.
16.09.2019 464 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу боюнча маселе каралды
2019-жылдын 13-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу” темасында баштапкы кесиптик уюмдун төрагаларынын райондук семинары болуп өттү. Семинардын ачылышында № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде өткөн окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы А. Бакирова маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов башталган жаңы окуу жылына алдыдагы милдеттер жөнүндө айтып өттү. Андан сырткары күз – кыш мезгилине даярдыктын абалы, от жаккычтарга жумушка керектүү каражаттар менен камсыз кылуу боюнча маселелерге токтолду.
16.09.2019 509 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунда жаңы мектептин ачылышы
2019- жылдын 2-сентябрында мектептин салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Таабалды Тиллаев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Баймурат Бекмуратов жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов алар менен кошо ”Илек Строй-Групп” ишканасынын жетекчиси Исманали Жороев, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Халмуратов жана башка меймандар катышышты.
09.09.2019 753 Кесиптик бирлик региондордоАймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу
2019-жылдын 3-4-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун энергетиктердин шаары аталган Кара-Көл шаарында “Аймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу” темасындагы жаштардын республикалык форуму болуп өттү. Форумга республиканын бардык облустарынан жаш лидерлер келип катышышты. Менда Ноокен райондук жаштар кеңешинин төрагасы катары, обкомдун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келдим. Форумдун биринчи бөлүгүндө катышуучулардын парады, шаар мэринин, шаардык кеңешинин төрагасынын куттуктоосу жана Кара-Көл шаарындагы Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.
09.09.2019 637 Кесиптик бирлик региондордо