Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунда жаңы мектептин ачылышы

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы эки улуттун элдеринин  ынтымагын бекемдөө, достугун чыңдоо элдин биримдигн сактоо максатында айылдын “Эгемендүүлүк” орто мектебинин жана М. Горький атындагы орто мектептердин  окуучуларын бириктирип жаңы  заман талабына ылайык мектеп  куруу  сунушун  айыл тургундары беришкен.

Аталган сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Билим берүү жана илим министрлиги  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши тарабынан каралып 2014-2015- жылдары  колдоого алынган.

2015-жылы “Илек строй-групп ” курулуш компаниясы жеңип мектептин курулуш иштерин  башталган. Мектеп  475 (төрт жүз жетимиш беш)  орундуу болуп,  заман талабына  дал келген  типтүү  3 (үч)  кабаттан туруп,  ага  кошумча  спорт залы  менен  генпланга киргизилген. 

2019- жылдын 2-сентябрында   мектептин салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш чарага  Кыргыз Республикасынын  Жогорку кеңешинин  депутаты Таабалды  Тиллаев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Баймурат Бекмуратов жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов алар менен кошо ”Илек Строй-Групп” ишканасынын  жетекчиси  Исманали Жороев, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Халмуратов жана башка меймандар катышышты.

Бүгүнкү күндө аталган  мектепте 68 педагог  863 окуучуга билим тарбия берүүнү баштады. Анын ичинен даярдоо классында 78 окуучу болсо 1-4- класстардын окуучулары 319.  5-9- класстардын окуучулары 334 болсо 10-11- класстын окуучулары  132 ни түзөт.

Ак-Суу айыл аймагына караштуу Жизген айылында аталган мектептин атайын филиалы бар. Ал мектепте бүгүнкү күндө 78 окуучуга 5 мугалим таалим тарбия берип келет.

Жаңы мектепте  башталгыч 1-4- класстардын окуучулары үчүн 48 орундуу ашканасы бар. Азыркы учурда 319 окуучу тамак –аш менен камсыз болууда.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева