Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуттун байлыгы-эне тили

20-сентябрь күнү Кочкор районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жѳнүндѳ» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата  К.Темиров атындагы орто мектебинин жыйындар залында «Улуттун байлыгы-эне тили» аттуу конференция ѳткѳрүлдү. Конференцияга райондогу мектептерде эмгектенип  жатышкан  кыргыз тили мугалимдери  жана окуучулар катышып, конференциянян ачылышы жана жабылышы Кыргыз тил Гимни менен коштолду.

Конференциянын жүрүшүндѳ Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын мугалими, райондук кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча методикалык секциянын жетекчиси А.Солпиева «Тил тагдыры-эл тагдыры» , И.Арабаев атындагы орто мектебинин мугалими Н.Жумагулова «Орус класстарда кыргыз тилин окутуудагы кѳйгѳйлѳр жана аларды чечүүнүн жолдору», С.Исмаилов атындагы орто мектебинин мугалими К.Мамбетаитова « Окуучуларды ЖРТке даярдоонун жолдору», К.Темиров атындагы орто мектебинин мугалими К. Иманова  «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: йоттошкон тамгалардын жазылышы» деген темаларда докладдарды окушуп, азыркы күндѳгү кыргыз тилинин абалы, кѳрнѳк-жарнактардагы ката жазуулар, ѳ, ү, ң тамгаларынын  компьютерде, смартфондордо, уюлдук телефондордо  жазуу, йоттошкон тамгаларды туура жазуу, макал-лакаптарды бурмалабай туура айтуу, окуучуларды ЖРТке даярдоодо  кыргыз тили мугалимдеринин моюнунда чоң жоопкерчилик бар экендигин баса белгилешти.

Жарыш сѳзгѳ чыккан Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин мугалими Н.Жумадилов, Т.Усубалиев атындагы орто мектебинин мугалими Н.Абдрасулова докладда келтирилген кѳйгѳйлѳрдүн үстүнѳн үзгүлтүксүз иш алып барууну баса белгилешти. Ал эми  Кызыл-Дѳбѳ орто мектебинин мугалими Б.Алыкулов ар бир кыргыз тили сабагынын  башталышында 3 мүнѳт туура жазуу, таза жазуу жана ар бир тамганы элементи менен жазуу, ал эми кыргыз адабияты сабагынын башталышында проза жана поэзия жанрлары боюнча иш алып барарын айтып, жалпы конференциянын катышуучуларына сунуш кылса,  Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин мугалими Жекшенбек кызы Айнура кыргыз тил сабагын Кыргыз тил Гимни менен баштоону  жана ар бир окуучу гимндин текстин  толук, жатка ырдоо сунушун айтты.

Конференциянын экинчи бѳлүгүндѳ О.Айбашов атындагы орто мектебинин окуучусу Кенжебек кызы Айдана жана Ара-Кѳл орто мектебинин окуучусу Кулукеева Айжан Манас эпосунан үзүндү айтышса, К.Темиров жана А.Бостонов атындагы орто мектебинин окуучулары жаңылтмачтарды жамгырдай жаадырышты. Ал эми Калыгул Бай уулу жана К.Темиров атындагы орто мектебинин окуучулары Кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз тили жѳнүндѳ жазган чыгармаларын кѳркѳм окуп беришсе, Ак-Жар орто мектебинин «Жаш тилек» комузчулар тобу кыргыз күүлѳрүн чертишип,  конференциянын катышуучуларын куттукташты.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу методикалык кабинетинин башчысы