Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз тилинин мамлекеттик макамын алганына, 30 жылдыгына карата майрамдык маанайлар

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 30 жыл  мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кырыгыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Мына, ошол күндөн тарта 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.Бул күнү жылда билим берүү мекемелеринде ар кандай  сынактар, шаардык семинарлар, концерттик программалар, кол-өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп келет. Быйыл дагы шаардык деңгээлде ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусунда кыргыз ырлары жаңырып, мектептерде, бала бакчаларда тил майрамына арналган салтанаттар болуп өттү.

Даярдаган: 

Э.Ж.Эгизалиева